Cofrance SARL (AVIAV TM) – он жылдан ашуун убакыт мурун Ницца шаарында негизделген авиациялык брокердик компания. Азыркы тапта бул француз компаниясынын дүйнөнүн 117 өлкөсүндө иш жүргүзгөн өкүлчүлүктөрү бар.

Биз ишкердик авиация, медициналык авиация жана авиациялык жүк ташуу чөйрөлөрүндө иш алып барабыз. Төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтөбүз:

  • учактарды жана тик учактарды ижарага берүү,
  • аба кемелерин сатуу, мыктылоо жана куруу,
  • коммерциялык менеджмент (учактарды жана тик учактарды колдоо жана камсыздоо),
  • космостук жана авиациялык камсыздандыруу,
  • юридикалык коштоо (аэропорттор жана авиакомпаниялардын ири талаштарын жөнгө салуу),
  • авиациялык эксперттердин консалтингдик кызматтары.

 

Cofrance SARL (AVIAV TM) компаниясы беш континентте иш алып барат. аталган компания рыноктун ири оюнчусу катары, дүйнөнүн алдыңкы авиа курулуш корпорациялары, аэропорттору жана  авиакомпаниялары менен кызматташуу менен 100 миңден ашуун аба кемелерине жеткиликтүүлүгү бар. Биз жеке жактар жана уюмдар үчүн ишкердик, медициналык жана жүк ташуу рейстерин уюштурабыз.

Cofrance SARL (AVIAV TM) компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Виталий Архангельский 20 жылдан ашуун авиация чөйрөсүндө иштейт. Анын компаниясы ушул убакыт аралыгында Европада, Россияда жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча аба кемелерин жана авиа портторун башкаруу тажрыйбасына ээ болду. Компаниянын башкы кеңсеси Ниццанын борборунда, айтылуу Negresco мейманканасынын жанында орун алган.

Компаниянын камсыздандыруу жана насыялоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгү франциялык мамлекеттик ORIAS (N 14005763) уюму тарабынан жөнгө салынат. Ишкердик ISO 9000 сертификатына ээ. Компаниянын ишинде жүз пайыз сапаттык башкаруу принциби (TQM — Total Quality Management) колдонулат.

Cofrance SARL (AVIAV TM) дүйнөнүн эң ири делген

  • EBAA (European Business Aviation Association),
  • NBAA (National Business Aviation Association),
  • EBAA France авиациялык ассоциацияларынын курамына кирет.

– Кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты жана коопсуздук стандарттары дүйнөдөгү алдыңкы кесипкөй уюмдары

  • Wyvern Ltd. (учуулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдыңкы сектор) жана
  • ARGUS International (көп деңгээлдүү ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүзүүчү улуттар аралык аудитордук компания) тарабынан текшерилип бааланган (тастыкталган)

– 7 жылдан бери тармактык көргөзмөлөрдө ири оюнчу бойдон калууда,

– Өз ишмердүүлүгү боюнча эл аралык талаптарга жооп берет,

– Заманбап KYC жол-жоболорун колдонуу менен AML саясатын жүзөгө ашырат.

 

Биздин ири келишимдерибиз Лондондун, Париждин, Токионун жана Вашингтондун алдыңкы юридикалык компаниялары аркылуу аткарылат. Тапшырык ээлеринин каражаттары Франциядагы CIC Банкынын атайын кардарлык эсептеринде сакталат, ал эми бухгалтерия иштери CERES компаниясы тарабынан башкарылат. Cofrance SARLдын (AVIAV TM) кесиптик жоопкерчилиги 20 млн. долларга камсыздандырылган.

Компания каалагандай келишимди коштоодо комплекстүү авиациялык чартердик камсыздоону биротоло бүтүрүү кызматын көрсөтөт.  Эң жаңы электрондук кызматтар коргоонун заманбап системаларын колдонуу менен кардарларды аралыктан тейлөөгө мүмкүндүк берет. Тармактын эң мыкты адистери кардарларга күнү-түнү кеңеш берүүгө жана колдоого даяр.

Cofrance SARL (AVIAV TM) – ишкердик авиациясындагы сиздин алмашкыс өнөктөшүңүз.